super.kg logo

Мурас-Ордодо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип бир тууган агасы кармалды

 

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-март күнү саат 12:40 чамасында Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өспүрүмдүн жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анда өспүрүм моюнуна бычак сайылып, каза болгону айтылган.

Окуя болгон жерге ошол замат тийиштүү органдар барып, каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керек экенин, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу агасы карап калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым алынган.

Жансыз денени саат 11:00 чамасында баланын апасы жумуштан келип көргөн. Ал учурда баланын агасы үйдө жок болгон.

Аталган окуя боюнча кошуналар суракка алынышкан, ошондой эле кызматтык иттер менен тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары үй-бүлөнүн 17 жаштагы баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айткан.

Учурда шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда, укук коргоо органдары каза болгон баланын 10-класста окуган агасы күбө катары сурак берип жатканын билдиришкен.

Ал эми каза болгон баланын үйүнө барганда, Шумкарбек аттуу тууганы алар эч кандай чырга аралашпаган үлгүлүү үй-бүлө экенин айтып, окуянын чын-бышыгын өздөрү дагы билбей турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
18.03.2021. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ооо кудай тобааа бир тууганын олтургондой эмне талаш жапжаш балдар экен го
18.03.2021. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Адам өлтүрүүчүлөр булар жөн гана таш боор, өзүмчүл жана шылуундар. Дүйнөдө алардын саны өтө көп. Бирок дагы деле болсо алар азчылыкты түзүшөт - антпесе дүйнө эчак эле кандуу эт майдалоочу машинага айланмак.
18.03.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
zhazgul98,эмне дегенинди озун тушундунбу?
18.03.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jibakana,
18.03.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhazgul98,созду тээ алыстан баштадын го
18.03.2021. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Каап,агасынын катыштыгы болбосо экен деп аткам...Бир уй-булоодон 2 бала жок болду,бироо гордо,бироо турмодо.Ата-энесине сабыр.
18.03.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялдын капчыгычы ал кимдики болгон?
18.03.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир туугандардан да мээрим кеткен заман болдуго.Баары эле урушуп чоңоёт да,бирок кайра эле жарашып алуубуз.Ата-энеге сабыр.Баарыбыздын балдарыбыз бар, кудай сактасын ((((
18.03.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен ишенгим келбей турат
Кудайым сактасын ээ
Кантип эле бир жатындан чыккан бир тууганын өлтүргөнгө колу барды экен.
18.03.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунун баары телефондогу бирин-бири олтургон оюндардын кесепети эмеспи... Биздин балдардын тарбиясын коруп туруп коркуп кетчу болдум, биз тарбиясыз коомдо жашап жатабыз... Себеби менин да балдарым бар, биздин балдарда озумчулдук, эгоизм куч алган...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: