Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыккан бардык командалар аныкталды. Чүчү кулак качан болот?
Бүгүн, 18-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын акыркы жооптук беттештери орун алды. 1/8 финалда Европанын эң мыкты делинген командалары чейрек финалга өтүштү.
Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына төмөнкү командалар өттү: "Ливерпуль", "Боруссия Дортмунд", "ПСЖ", "Порту", "Манчестер Сити", "Реал Мадрид", "Челси" жана "Бавария".
Чейрек финалдын чүчү кулак аземи 19-март жума күнү Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФА уюмунун башкы кеңсесинде болот. Чейрек финалдын алгачкы беттештери 6-7-апрелде өтсө, жооптук беттештер 13-14-апрелге белгиленген.
Ал эми Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң көрүүчү бата турган "Ататүрк Олимпиада" стадионунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bayern-munchen

18.03.2021. 21:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бавария Реал тушуп калса экен испан клубдарынан ушул эле калды Бавариядан таяк жей элеги Севилия дастойно ойноду а Атлетико Барса жетско жеди Бавариядан эми очеред Реалга келсе соонун болмок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.