super.kg logo

Мадамин Каратаев: "Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу дегенден алыспыз"

 

Мындан бир жыл мурун өкмөт чукул жыйын өткөрүп, COVID-19 инфекциясы Кыргыз өлкөсүнө жеткени айтылган. Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйында төмөнкүлөрдү билдирди.

"Азыркы учурда эпидемиологиялык абал туруктуу дегенден алыспыз. Өзгөрүп жатат. Бирок туруктуу көзөмөлдө турат. Мамлекеттик мекемелер, бийлик тарабынан бүгүнкү жасала турган запастагы дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, эгерде керек боло турган болсо медициналык жардам, ооруканадагы орундар, кадрлар маселеси баары жетиштүү. Биз “кара июль” дейбиз, 2020-жылдын июль айында эң көп учур 29 миңден ашуун коронавируска кабылгандар катталган. Анда кандай көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Негизгиси үчүнчү толкун болуп калса июль айындагыдай жоготууларга учурабай жеңил чыгып кетүү биздин максатыбыз", - деди Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: