super.kg logo

Өлкөдө эки ай ичинде 10дон ашык кримавторитет кармалды

 

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги ишкерликти коргоого жана ыңгайлуу шартты түзүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди жумшоодо. Ишкерлер укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын криминалитеттен коргоо үчүн укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен тыгыз мамиледе болуулары керек.

"2021-жылы 2 ай ичинде ички иштер органдары уюшкан кылмыштуулуктун 200дөн ашык субъектисин кармашкан. Алар ар кандай кылмыштарды жасоого шектелгендер жана издөөдө жүргөндөр. Кармалгандардын арасында 10дон ашыгы кримавторитеттер.

Ал эми 2020-жылы 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча укукка каршы аракеттерге тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 22 адам кармалган. Укук коргоо органдары инвестицияларды тартуу үчүн ишкерликти жакшыртууга түрткөн экономикалык коопсуздук максатында бардык күч-аракеттерди жумшайт", - деп жазылат маалыматта.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ишкерлерге коркутуулар, опузалап талап кылуулар болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну сунуштайт: 0312 26-60-11, 0708 80-08-80.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2021. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы он чакты азыр бүт эле чёрный бүт эле кыйындар(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: