super.kg logo
  Саясат  

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чара болуп өттү

 

3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата өлкө боюнча бир катар салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Ушуга байланыштуу Бишкектеги Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясында (МЧБАА) да кайрымдуулук акция орун алды. Бул күнү аталган борборго тарбиялануучуларга атайын көңүл бөлүп, ден соолугун сурап КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева менен Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов келишти. МЧБААга микротолкундуу меш, балдарга оюнчуктар менен таттуу белектер тапшырылды.

Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы жашоо-шарттарды түзүп берүүгө аракеттер болуп жатканын белгиледи. “Эң оболу, социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүүгө болгон күч-аракеттер жумшалууда. Ушул тапта минималдык социалдык стандарттар иштелип чыгып, реабилитациялык борборлорду камсыздоо үчүн каражаттар изделүүдө”,- деп маалымдашты Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: