"Боз үй тигүү жарышы, аш фестивалы болот". Ош шаарында Нооруз майрамы борбордук аянтта белгиленет
Ош шаарында 21-март "Нооруз-2021" элдик майрамы борбордук аянтта белгиленет. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.Билдирүүгө ылайык, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталат.
"Ошондой эле Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот. Мындан тышкары кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү сынагы, боз үй тигүү жарышы, аш фестивалы, улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















