Индияда сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан келиндин көзүнөн жаштын ордуна кан чыккан

"Индиялык 25 жаштагы келин дарыгерлерге көзүнөн жаштын ордуна кан агып жатканын айтып кайрылган. Ал офтальмолог жана рентгенолог тарабынан текшерилген, бирок адистер ден соолугунан эч кандай көйгөй табышкан эмес.
Алар узак убакыт бою аны кароодон өткөрүп турушкан. Жыйынтыгында ага гемолакрия диагнозу коюлган (көз жаш менен кошо кандын чыгышы).
Ошондой эле бейтаптын көзү кан акканда ооруган эмес, бирок ал аябай корккон. Заманбап медицина болгонуна карабай аталган ооруну аныктоо дарыгерлер үчүн кыйынга турган. Дарыгерлер аны өз көзөмөлүнө алышкан. Натыйжада 3 ай убакыт аралыгында бейтаптын көзүнөн кан аккан эмес.
Гемолакрия - бул өтө сейрек кездешүүчү, ар кандай себептер менен шартталган оору. Ага кээде гемофилия же Рандю-Ослер оорусу себеп болот. Ошондой эле көздөн жаштын ордуна кан чыгышы кээ бир дары-дармектерди ичүүнүн терс таасири болушу мүмкүн. Гемолакрия күтүлбөгөн жерден башталып, андан кийин күтүлбөгөн жерден токтоп калган учурлар бар", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gulina90

19.03.2021. 08:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сакта,ден-соолук болсо,калганы болот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.