super.kg logo

"Евровидение-2021" сынагына Беларусь мамлекетинин атынан катыша турган топ талапты аткарып, ырын өзгөртө турган болду

 
Эл аралык Евровидение ыр сынагына Беларусь мамлекетинин атынан чыга турган "Галасы ЗМеста" тобу жаңы ыр даярдап жатат. Бул тууралуу Беларустун "Белтелерадиокомпания" телеканалынын төрагасы Иван Эйсмонттун билдиргенине таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Иван Эйсмонт медиахолдинг топко башка дагы бир мүмкүнчүлүктү сунуш кылды деп баса белгиледи. Жаңы ыр. "Азыр менин билишимче иш активдүү жүрүп жатат. Жакында, бир нече күндүн ичинде дагы бир миллионер ырын уга аласыз деп ойлойм", - деп кошумчалаган.
Ошондой эле Эймонт буга чейин тандалган чыгармада эч кандай саясий подтекст көрбөгөнүн белгилеген.
Буга чейин Эл аралык Евровидение ыр сынагынын уюштуруучулары Беларусь мамлекетине 2021-жылы аткара турган ырын алмаштырууну талап кылышкан. Уюштуруучулардын айтымында, аталган өлкөнүн "Галасы ЗМеста" тобунун аткара турган композициясы "сынактын саясий эмес мүнөзүнө келтирүү" деген жүйө менен ырды Eurovision YouTube каналынан өчүрүшкөн.
Ал эми аталган топтун лидери Дмитрий Бутаков бул талаптардан кийин ал иш-чарага катышуудан баш тарта турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: