super.kg logo

Путин Байденди онлайн жолугушууга чакырды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жо Байденди түз эфирде жолугушууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен президент Байденди биздин талкууну улантууга чакыргым келет. Бирок биз аны чындыгында түз ободо, алар айткандай, онлайн режиминде жасасак болот", - деди орус лидери.

Маалыматка ылайык, Путин онлайн жолугушууну 19-март жума күнү же 22-март дүйшөмбү күнү өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин Байден орусиялык кесиптешин "киши өлтүргүч" деп эсептейби же жокпу деген ЖМКнын суроосуна "ооба" деп жооп берген. Ал ошондой эле Путин Америкадагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү үчүн "жооп берет" деп белгиледи. Ак Үйдүн өкүлү Жен Псаки Байдендин Путин жөнүндө айткан сөздөрү "метафора" болгон-болбогонун тактоодон баш тартты.

Путин бейшемби күнү америкалык кесиптешинин сөздөрүнө реакция жасаган.

"Биз аны менен таанышпыз. Мен ага эмне деп жооп берет элем. Мен ага ден соолук каалайм. Мен муну ирониясыз, тамашасыз айтып жатам", - деди ал түштөн кийин шаар тургундары менен баарлашып жатып.

Путин ар бир элдин, ар бир мамлекеттин тарыхында өтө оор, драмалык жана кандуу окуялар көп болгонун белгилеп, "биз башка адамдарга, башка мамлекеттерге баа бергенде, ар дайым күзгүгө каранып жаткандайбыз. Биз ар дайым өзүбүздү ошол жерден көрөбүз. Ар дайым өзүбүздүн демибизди, маңызыбызды башка адамга өткөрүп беребиз", - деген мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: