super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганы айтылды

 

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттук карьерасын аяктады. Бул тууралуу UFC'нин президенти Дана Уайт Твиттердеги баракчасына жазып чыкканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Ал толугу менен эс алууга кетти. Сенин иштегениңди көрүү укмуштуудай жакшы эле. Баары үчүн рахмат. Досум, мындан ары да жашооңдон ырахат ал", - деп жазган Дана Уайт.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 24-октябрында Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: