super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк спорт: Америкалык боксчу Тимоти Брэдли чемпиондук наамын сактап калды

Тимоти Брэдли: “Мен беттеш тең болду дегенге кошулбайм. Анткени беттешти толугу менен көзөмөлдөп турдум жана беттеш аяктаганда калыс жеңүүчү деп менин колумду көтөрөт деп ишенгем”
Тимоти Брэдли: “Мен беттеш тең болду дегенге кошулбайм. Анткени беттешти толугу менен көзөмөлдөп турдум жана беттеш аяктаганда калыс жеңүүчү деп менин колумду көтөрөт деп ишенгем”
Маркес: “Лас-Вегаста атаандашыңа караганда да калыстардан коркунуч көбүрөөк жаралат

Ломаченко: “10 раундду толугу менен өткөрүп өзүмдү сынап көрөйүн дегем. Бирок колум өзү иштеп кетип беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктады”

12-октябрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мэнни Пакьяону жеңген боксчулардын беттеши өттү. Анда америкалык Тимоти Брэдли менен мексикалык Хуан Мануэль Маркес беттешип, беттештин жыйынтыгында калыстардын талаш туудурган чечими менен америкалык боксчу жеңүүчү аталды. Беттештин жыйынтыгында 3 калыстын бири 115:113 упай менен Маркести жеңүүчү деп тапса, калган эки калыс 115:113, 116:112 упай менен Брэдлини жеңүүчү деп табышты. Беттештен кийин Маркес: “Лас-Вегаста атаандашыңа караганда да калыстардан коркунуч көбүрөөк жаралат. Күйөрмандар жакшы беттешке күбө болушту, калыстар кайрадан туура эмес чечим чыгарды. АКШда нокаут менен гана жеңишке жете аласың”, -деди. Айта кетсек, Брэдли дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мэнни Пакьяо менен болгон беттеште да калыстардын жардамы менен жеңип кеткен. Ал эми Тимоти Брэдли: “Мен беттеш тең болду дегенге кошулбайм. Анткени беттешти толугу менен көзөмөлдөп турдум жана беттеш аяктаганда калыс жеңүүчү деп менин колумду көтөрөт деп ишенгем”,- дейт. Ошол эле күнү бокс дүйнөсүнүн көңүлүн өзүнө бурдурган дагы бир беттеш орун алды. Анда Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, украиналык Василий Ломаченко профессионалдар арасындагы биринчи беттешин мексикалык Хосэ Луис Рамиреске каршы өткөрдү. Беттештин 4-раундунда Ломаченконун катуу соккусунан атаандашы беттешти уланта алган жок. Беттештен кийин Ломаченко: “10 раундду толугу менен өткөрүп өзүмдү сынап көрөйүн дегем. Бирок колум өзү иштеп кетип беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктады”,- дейт. Ошентип бокс адистеринин пикири боюнча келечекте эң күчтүү боксчулардын бири болууга бардык мүмкүнчүлүгү бар Василий Ломаченко профессионалдар арасына ийгиликтүү кадам таштады. Биринчи беттешинен кийин эле Ломаченко WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) интернационалдуу чемпион аталды.    

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: