Улукбек Марипов Мамлекеттик курулуш агенттигинин директоруна сөгүш жарыялады
Премьер-министр Улукбек Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасындагы көчмө жыйында курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, Урматбек Кокочаровго премьер-министрдин буйруктарын аткаруу мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн сөгүш берилди.
Ал эми шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго вице-мэр Азамат Сагындык уулуна сөгүш жарыялашы керектигин эскертти. Ошондой эле "Бишкексууканал" ишканасынын башчысы Мурадин Сейдалиевдин, Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Медет Бейшеналиевдин, Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровдун кызмат ордуларына шайкеш келерин карап чыгуу керектигин айтты.

