Камчаткада бир түндө он жолу жер титиреди
Камчаткада бир түндө күчү 3,8ден 5,9 баллга чейин жеткен он жолу жер титиреди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эң күчтүү жер титирөө Эссо айылынан 135 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөлөрдүн көпчүлүгү Камчаткада катталган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Аталган аймак Орусиянын сейсмикалык активдүү зоналарына кирет.
Буга чейин Камчаткада Евразиядагы эң чоң жанар тоо болуп эсептелген Ключевская сопка ойгонгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.