Грузияда AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин комага түшүп калган медайым каза болду
Грузияда AstraZeneca вакцинасы менен коронавируска каршы эмделгенден кийин комага түшкөн медайым каза болду. Бул тууралуу Тбилисидеги ооруканага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ахалцихе шаарында AstraZeneca вакцинасы менен эмделген 27 жаштагы медайым жандандыруу бөлүмүнө, болжол менен анафилактикалык реакция (өтө күчтүү жалпы реакция) менен жаткырылгандыгы маалымдалган. Ал Тбилисинин ооруканасына оор абалда жеткирилген.
Медайымдын өлүмү тууралуу маалыматты алгач жергиликтүү телеканал тараткан.
"Тилекке каршы, медайымдын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктайм. Ал нес абалында болчу", - деген оорукананын кызматкери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.