super.kg logo

Өзгөндө ок тийип каза болгон жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Талаадан шектүүлөрдүн ок атуучу куралы жана унаасы табылды

 

Бүгүн, 19-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда унаанын ичинде отурган жарандарды атып кетип, натыйжада эки адам каза болгон.

Бул кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы жана унаасы табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

"Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаа табылып, КRAL ARMS үлгүсүндөгү Түркия мамлекетинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибирлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.

Ошондой эле буга чейин денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну 2020-жылдын февраль айынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда тургандыгы белгилүү болду.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: