super.kg logo

16 кыргызстандык лотереядан смартфон утуп алышты! Кантип катышса болот?

 

15-март күнү «Жазгы драйв» лотереясынын алкагында биринчи 16 смартфон ойнотулду. «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары жалпысынан 200 Tecno смартфонун жана жапжаӊы 3 Hyundai автоунаасын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ!

Лотереяга катышуу үчүн билеттерди кантип алууга боло тургандыгы жѳнүндѳ видео нускаманы кѳрүп чыгыӊыз.

Стилдүү смартфондун алгачкы бактылуу ээлеринин катарында Бишкек, Кочкор, Ош жана Ѳзгѳндүн жашоочулары бар. Жеӊүүчүлѳрдүн кѳбү мындай утушка биринчи жолу жетүүдѳ.

«Мага чалып, телефон утуп алганымды айтышты. Ишенген жокмун, анткени мурун эч нерсе утуп кѳргѳн эмесмин. Абдан кубандым. Сонун болду! Баарына катышууну сунуштап, утушка ээ болууну каалайм. Эми автоунаа утуп алам деген үмүттѳмүн!», - деп бѳлүштү Нургүл Мураталиева.

Дагы бир жеӊүүчү Бексултан Сагынбек уулу дагы алгачкы ирет жолдуу болгон.

«Лотерея тууралуу SMS окуп, катышып кѳрѳйүн деп чечтим. Анан мага телефон чалып, байгеге ээ болгонумду билдиришти. Мындайды күткѳн эмесмин. Чынымды айтсам, ѳмүрүмдѳ биринчи жолу утуп алдым. Рахмат

Катышуучулар балансты толуктаганы, O!Store дүкѳнүнѳн соода кылганы жана «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳм жүргүзгѳнү үчүн утуштуу билеттерди алышкан.

«О!Деньги» капчыгын эки жылдан бери колдоном. Дайыма ар түрдүү операцияларды жүргүзѳм, сатып алууларды, байланыш жана башка кызматтарды тѳлѳйм. Бул абдан ыӊгайлуу жана супер программа!», - деп айтып берди дагы бир жеӊүүчү Гульнара Арыкбаева.

«Тиркеменин кѳп кызматтарды тѳлѳѳ мүмкүндүгүн бергени жагат. Дайыма колдоном. Бардык коммуналдык кызматтарды, интернет, уюлдук байланыш, ал тургай балдардын окуусун да тѳлѳйм», - деп белгиледи Дүйшѳн Алмас уулу.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу кызматтарды тѳлѳгѳндүгү үчүн бактылуу билетке ээ болгон Нургул дагы капчыктын функционалдуулугуна баа берди:

«Капчыктагы сүйүктүү кызматым –– акча которуулар. Банкка баруунун кереги жок. Үйдѳ отуруп эле «Элкарт», «Элсом» карталарына акча которуп, «Акнет» кызматын тѳлѳп коёсуӊ. Акча каражаттарын үйдѳн эле башкарасыӊ. Абдан актуалдуу жана ыӊгайлуу».

Дагы бир бактылуу жеӊүүчү Анвар Мисиров ойнотуунун бардык катышуучуларына ийгилик каалап кетти:

«Алдыда дагы кѳптѳгѳн ойнотуулар бар экенин, башты жерге салбай, утушка жете турганыӊарга сѳзсүз ишенгиле деп айткым келет. Баарыӊарга ийгилик каалайм!».

Алдыда дагы 11 жолкуда 184 смартфон жана үч Hyundai автоунаасы ойнотулат!

Жакынкы 16 смартфонду ойнотуу 22-марта ѳтѳт.

Кененирээк маалымат drive.o.kg сайтында.

Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-жыл. №194 лотерея ойнотуу уруксаты.

Ѳткѳрүү мезгили: 07.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж.

Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: