super.kg logo

Канадада COVID-19га каршы вакцинаны ашыкча сайдырып алган аял шал оорусуна кабылды

 
Канаданын Торонто шаарында 95 жаштагы аял жаңы коронавируска каршы вакцинанын үч дозасын алгандан кийин шал болуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, март айынын башында 95 жаштагы Бренда Уолен коронавируска каршы вакцина алып, белгиленген эки дозадан эмдөөдөн өткөн. Экинчи эмдөө жасалгандан бир күн өткөндөн кийин ал бутунан жаракат алып, башка медициналык борборго жаткырылган. Ал жактан жаңылыштык менен үчүнчү дозасын беришкен. Ашыкча дозанын кесепетинен бейтап шал болуп калган. Акыркы эки жумадан бери ал өз алдынча баса албай, сүйлөй албай, тамак жей албай калган.
Жабырлануучунун кызынын айтымында, дарыгерлер бейтаптын эмдөө вакцинасынын экинчи дозасын алгандыгын жана ага кошумча ийне саюунун кажети жок экендигин эмне себептен аныкташпагандыгын түшүндүрүп бере алган эмес. Башында дарыгерлер Уоленди инсультка кабылган деп эсептешкен, бирок акыркы кароолордон кийин бул версияны четке кагышты. Ошондой эле кызы апасын ооруканадан үйгө чыгаргандан кийин кымбат медициналык жардамга муктаж болорун, ал үчүн айына 8 миң доллар каражат кетерин билдирген.
"Мен вакцинанын айынан ушундай абалда болгон деп айтуудан алысмын, бирок дарыгерлер эмне болгонун жүйөлүү түшүндүрүп бере алышпайт", - дейт бейтаптын кызы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: