super.kg logo

Төмөнкү Ала-Арчада чала таанышын зордуктоого аракет кылды деп айыптаган кыз тергөө иштерин токтотууну суранды

 

Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 25 жаштагы кыз чала таанышын мас абалында зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Жабырлануучу 19-мартта Свердлов РИИБине арыз менен кайрылып, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Арыз ээсинин айтымында, 18-мартта ал курбусу менен чала таанышына барып, спирттик ичимдиктерди ичишкен. Таңкы саат 05:00 чамасында арыздануучунун курбусу уктайм деп жатып алган. Өзү ичимдик ичүүнү уланткан. Бул учурда чала таанышы менен арыздануучунун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кыз милиция чакырган. Чогултулган материалдар Аламүдүн РИИБине өткөрүп берилип, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен катталды.

Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, арыздын негизинде териштирүү иштерин токтотууну өтүнгөн. Ал мас абалында болгондуктан арызды эмне жөнүндө жазганы эсинде жок экенин айткан.

Ал эми 31 жаштагы сурак берген жаран дарегине карата айтылган айыптоолордун баарын четке кагып, кыз өзү жармашып, милиция кызматкерлерин чакырып зордуктоого аракет кылды деп айыптай турганын айтып коркутканын кошумчалады. Сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.03.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайлар кобойду,озу берет жабышып эртеси зордоду деп арыз жазат, кичине акча ондургусу келет го
20.03.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
amirrus,-басылып Кетти кесиресиз.
Ооба , ушундай уяты жоктор да коп экен .ынсап берсин .Баары бир алган акчалары жукпайт ,кайра эки эсе болуп чыгат .пфф
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: