super.kg logo

Вакцина жетишсиз. Киев шаарына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 3 аптага карантиндик режим киргизилди

 

Украинанын Киев шаарында бүгүн, 20-марттан тарта коронавирус пандемиясына байланыштуу 3 аптага карантиндик режим киргизилди. Мындай маалыматты 18-мартта өткөн брифингде шаар мэри Виталий Кличко билдирген.

Ага ылайык, 9-апрелге чейин бардык кинотеатр, музей, соода борборлору жана көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салынат. Кафе жана ресторандардан тамак-ашты буйрутма аркылуу гана алууга уруксат. Ал эми сулуулук салондору алдын ала жазылган кардарларды гана тейлей алышат. Андан сырткары оюн-зоок, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө толугу менен тыюу салынды. Азык-түлүк, техникалык, тазалык каражаттарын саткан дүкөндөр жана дарыканалар бардык санитардык талаптарды сактоо менен ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.

Бала бакчалар өз ишмердүүлүгүн кадимки режимде улантат. Ал эми мектептер каникулдан кийин аралыктан окууга өтөт. Менчик ишканаларга да аралыктан иштөө сунушталды. Коомдук транспорттордо салонго 50 пайыз гана жүргүнчү ташууга уруксат берилди.

Март айынын башында Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын, коронавируска каршы вакцина жетишсиз болгондугуна байланыштуу жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: