super.kg logo

70 миллион сомду мамлекетке кайтарды. Мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган Жогорку Соттун судьясынын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

 

Мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган Жогорку Соттун судьясы К.О'нун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, судья келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп берди.

"Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө, К.О. Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын судьясы болуп иштеп, жеке максаттарды көздөп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди кабыл алгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда К.О. көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.О. күнөөсүн толугу менен моюнга алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарып берди. Калган 44 миллион сомду 3 ай аралыгында төлөөгө милдеттендирилди. 20-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылды", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
20.03.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура эмес чечим! Пайызы менен толоп берсин. Толобосо камалсын, канча карапайым элдин кунун жеп келишти.
20.03.2021. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
К.О С.А тойгоздуңарго толук аты жөнүн жазбайсыңарбы Эл душманы ким экенин бизда билели.
20.03.2021. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу арам тамактарды жер кантип которуп журот тан каласын,канча адам боздоп уйго жетпей, бала багам деп талаада тентип, ошол жактан коз жумуп, жакындары сыздап отурганда булар ошол карапайым калктын ырыскысын уурдап чардап журдунор, ылайым ичкен жегенинер баары тешип чыксын,силердин балдарынар да,талаада тентип калсын,ошондо билесинер
20.03.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жанагы Камил Осмоналиев деген судья окшойт,бизнеси, кирешеси жок туруп ушунча байыган деп жүрдү эле.
20.03.2021. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ушундай адамдарды неге жазалабайт экен, неге сокени, раимди, ашаны жазалабайт, жакшы адамдарды алып кете берет.
20.03.2021. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге тоокту урдаган, түрмөдө олтурат да миллиондоп урдаган үй камагында. Закон бардыгына бирдей иштеш керек да анда. Тоокту төлөп коюп жүрө беришсин анда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: