Бүгүн Алматыда бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат
Бүгүн, 14-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат. 13-октябрь күнү таразага түшүү өткөрүлүп, мелдешке катышуучу мушкерлердин саны такталды. Акыркы маалыматтар боюнча, Дүйнө чемпиондугуна жалпысынан 457 мушкер катышат. Ал эми аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 9 спортчу коргойт. Мелдешке катышуучу Кыргызстан курама командасынын толук курамы төмөндө:
Турат Осмонов (49 килограмм салмакта)
Азат Үсөналиев (52 кг)
Өмүрбек Малабеков (56 кг)
Медер Мамакеев (60 кг)
Эрмек Сакенов (64 кг)
Эркинбек Болотбек уулу (69 кг)
Азамат Каныбек уулу (75 кг)
Александр Панарин (81 кг)
Сергей Паренко (91 кг)
Башкы машыктыруучу: Адылхан Бекболотов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.