super.kg logo
  Саясат  

"Элибиздин ырыскысы артсын!". Садыр Жапаров кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан өлкө башчынын куттуктоосун таратты.

"Кадырлуу мекендештерим! Жалпыңарды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз - адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келе жаткан майрамдардын бири. Анын маңызы - табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.

Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз амалы башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадимки замандан калыптанган. "Улустун улуу күнү" деген сөз ошол замандардан калган.

Учурда кыргыз эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.

Быйылкы жаз - республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат. Анын мааниси коомубузду жаңы бийиктерге, бакубат жашоого сүрөөгө, улуттун ынтымагын ширөөгө багытталган.

Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат. Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз.

Эмесе, Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: