Ойноп жүрүп адашып кеткен. Бишкекте 6 жашар баланы милиция кызматкерлери аман-эсен табышты
Бишкекте ойноп келем деп короого чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан бала аман-эсен табылды. Ленин РИИБинин кызматкерлери 6 жаштагы баланы ата-энесине өткөрүп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Маалым болгондой, 21-мартта саат 17:25 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анда 2014-жылы туулган баласы Жал-Артис кичи районундагы үйүнөн ойноп келүү үчүн сыртка чыкканын, кайра үйүнө келбей дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кечки саат 20:30 чамасында изделип жаткан бала Гагарин көчөсүнөн аман-эсен табылды. Белгилүү болгондой, ал ойноп жүрүп адашып кеткен", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















