super.kg logo

Түштүк Африка сатып алынган AstraZeneca вакциналарын сатты

 

Түштүк Африка мурда сатып алынган AstraZeneca коронавирус вакциналарын сатты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Звели Мкизеге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

"Министрлик акыркы апталарда вакциналарды алуучу тобу деп дайындаган мүчө-өлкөлөрдүн талаптарга жооп беришин жана өз өлкөлөрүндө вакциналарды жайылтуу үчүн бардык регулятивдик жактырууларды, уруксаттамаларды жана лицензияларды алышын камсыз кылышы керек болчу", - деп айтылат билдирүүдө.

Вакциналардын биринчи партиясы 9 өлкөгө таратылары белгиленди. Так кайсы өлкөлөргө - азырынча тактала элек.

8-февралда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирустун жаңы түрүнө каршы британиялык AstraZeneca вакцинасынын натыйжалуулугунун төмөндүгүнө тынчсыздануусун билдирген. Ушундан улам Түштүк Африка бийлиги эмдөө планынын аткарылышын токтоткон.

Декабрдын башынан бери SARS-CoV-2дин Улуу Британиядан, Түштүк Африка Республикасынан жана Бразилиядан чыккан мутациялык жаңы штаммдары пайда болгону белгилүү болду. Вирустун бул варианттары оңой жайылып кетет жана бул оорулардын көбөйүшүнө, өлүмгө жана ооруканага жаткырылышына алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: