super.kg logo

Австралияда суу ташкынынан болжол менен 18 миң адам эвакуацияланды

 

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Австралиянын түштүк-чыгышындагы Жаңы Түштүк Уэльс штатында болжол менен 18 миң адам үйлөрүн таштап кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Глэдис Бережиклянга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү "Sydney Morning Herald" гезити буга чейин штат жума күндөн бери уланып жаткан суу ташкыны жана нөшөрлүү жаандын ортосунда эвакуациялык борборлорду ачкандыгын жазган.

"Ушул убакка чейин Мид-Норт жээктеринен 15 миңге жакын адам үйлөрүнөн эвакуацияланды", - деген премьер-министр брифинг учурунда.

Глэдис Бережиклян нөшөрлөп жааган жамгырдын улана берерин кошумчалап, жергиликтүү тургундарды этият болууга үндөдү. Жалпысынан 38 аймак табигый кырсыктын зонасы деп аныкталды, демек, ал жактагы адамдар каржылык жардам ала алышат - ар бир бойго жеткен адамга бир миң австралиялык доллар (болжол менен 800 доллар) жана ар бир балага 400 доллар (300 АКШ доллары).

Бийликтин айтымында, штатта 200дөн ашуун мектеп суу ташкыны жана нөшөрдөн улам жабылып, көптөгөн жолдор жабык же жеткиликсиз болуп калды. Өрт жана куткаруу кызматы штаттын көптөгөн аймактары "азыр ички деңизге окшош" деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: