super.kg logo
  Спорт  

Баш байге 500 миң сом. Чолпон-Атада өткөн көк бөрү боюнча турнирде ким кандай сыйлыктарга ээ болду?

 
Кечээ, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында "Нооруз" элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү.
Финалда Биринчи лиганын "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл облусу) жана "Кара-Буура" (Талас облусу) командалары жолугушуп, 2:1 эсеп менен экинчи команда жеңишке жетти жана Жогорку лигага өттү.
Жогорку лигада "Ынтымак" командасы (Талас облусу) "Достук" командасын (Ош облусу) 6:5 буллит эсеби менен (негизги эсеп 4:4) артка калтырып, жеңүүчү аталды.
Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.
Белгилей кетсек, бул жылы көк бөрү боюнча мелдеш Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дүйшөкеевдин элесине арналды.
Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:
Жогорку лига:
1-орун – "Ынтымак" командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;
2-орун – "Достук" командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;
3-орун –"Сары-Өзөн" командасы, Чүй облусу, байге – 100 000 сом.
4-орун – "Ала-Тоо" командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сом;
5-орун – "Жаш Күч" командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
6-орун – "Мурас" командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сом.
Биринчи лига:
1-орун – "Кара-Буура" командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
2-орун – "Жети-Өгүз" командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;
3-орун – "Бакубат Талас" командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом.
4-орун – "Сокулук" командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом.
Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын "Кара-Буура" командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ошондой эле Чемпион атына ("Жети-Өгүз" командасы, Биринчи лига) жана Шахмат атына ("Достук" командасы, Жогорку лига) мыкты наамы ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: