super.kg logo

Дональд Трамп социалдык медиага качан кайтып келери айтылды

 

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп эки, үч айдан кийин өзүнүн платформасында социалдык медиага кайтып келери айтылды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Жейсон Миллерге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

"Трамптын социалдык тармакка кайтып келгенин көрөбүз, балким, эки, үч айдан кийин өз платформасында", - деген Миллер.

Миллердин айтымында, жаңы платформа абдан популярдуу болот, анткени Американын мурунку лидери ал жакка анын ишмердүүлүгүнө кызыккан он миллиондогон колдонуучуларды тарта алат.

Кеңешчи белгилегендей, Трамп сунуш менен кайрылган "көптөгөн компаниялар" менен бир катар "маанилүү жолугушууларды" өткөргөн.

Дональд Трамптын Твиттердеги аккаунту биротоло бөгөттөлгөнү 8-январда белгилүү болгон. Социалдык тармактын администрациясынын айтымында, мындай чечимге 6-январда анын жактоочулары Капитолийди басып алгандан кийин зомбулукка чакыруу коркунучу себеп болгон. Мындан тышкары Твиттердин жетекчилиги социалдык тармакта Трамп колдоно турган бардык баракчаларды өчүрүп салууну убада кылды.

Ошондой эле анын аккаунттарын Фейсбук, Инстаграм, Снапчат жана Tвич социалдык тармактары да жаап салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: