super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19'дун келип чыгышы жөнүндө жаңы версиясы чыкты

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) эксперттери коронавирустун келип чыгышынын жаңы версиясын карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ушул аптада Кытайдын Ухань шаарына барган эксперттердин отчёту жарыяланат. Бул документте COVID-19 оор курч респиратордук синдромду (SARS) пайда кылган вируска окшош болушу мүмкүн деген версия жазылган. Анын түпкү алып жүрүүчүлөрү - жарганаттар, ал гималай циветасы аркылуу адамдарга жуккан. Ошондой эле бул тыянактар ​​акыркы эмес экендиги белгиленген.

Отчётто британиялык зоолог Питер Дасзак вирустун жайылышы жапайы жаныбарлар менен соода кылганга байланыштуу болушу мүмкүн деп белгилейт. "Ошентип ал базардан коронавирусту жарганаттардан жуктуруп алган жаныбарлар сатылган. Андан кийин адамдарга жуккан" деген Питер Дасзак.

Буга чейин коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан ДСУнун эксперттери COVID-19 таралышынын булагы Ухань вирусология институтунун лабораториясынан чыккан деген версиядан баш тартууну көздөгөнү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.03.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар боктон башканын баарын жешсе анан жугат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: