super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

 
Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: "Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат. Курман айт күнү бардык тилектерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттар ишке ашсын. Ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылыктары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин. Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин! Айтыңар маарек болсун, урматтуу мекендештер! Кайрымдуулук иштериңер кабыл болсун!”,- деп айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: