super.kg logo

Жабыркагандар болсо кайрылгыла. Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте унаалар менен алдамчылык иштерди жасап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18-март күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, 11-мартта 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында турган унаасын чала таанышы ишенимге кирүү жолу менен алдап кеткенин айтып кайрылган. Шектүү унаасын үчүнчү жактарга күрөөгө коюп, алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшаганы жазылган.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө иш-чараларынын негизинде, ыкчам кызматкерлер тарабынан алдамчылыкка шектүү катары 1995-жылы туулган С.Э. аттуу адам кармалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүнү эки айга үй камагына алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү ушул сыяктуу дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган. Кимде ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0(708) 06-49-26, 0(557) 33-33-53 жана 102", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: