super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясынан айыккандардын саны 70 миллиондон ашты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 123 миллион 627 миң 191 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 70 миллион 92 миң 203 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 722 миң 203 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 23-мартка карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 867 миң 412 болду. Тилекке каршы, 542 миң 888 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 47 миң 526 адамдан аныкталды. 295 миң 425 адам каза болсо, 10 миллион 610 миң 595 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 646 миң 81 адам вируска кабылган. 159 миң 967 бейтап көз жумса, 11 миллион 151 миң 468 бейтап оорудан сакайды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: