super.kg logo

Чүйдө алдамчылыкка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 
Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 15-март күнү Аламүдүн РИИБине 1977-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши арыз ээсинин ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө унаа таштап, 3 миң долларын алып, ошол боюнча качып кеткенин жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 1983-жылы туулган жаран кармалган. Текшерүү учурунда ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.
Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: