Адилет Камчыбеков жеңил атлетика боюнча Гран-приде коло медаль жеңди




Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык "Гран-при" мелдешине катышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан кабарлашты.
Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди. Ошондой эле ал найза ыргытууда F-42 группасында (туруп) 7-орунду, ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээледи.
Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядрону түртүү боюнча 7-орунду, дискти ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты. Адилет Камчыбековдун иш сапары Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.