Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлөт
Бишкекте акыркы сутка ичинде 56 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен 46 жаран COVID-19 илдети менен, калганы пневмония менен жабыркап жатканы белгилүү болду. Борбор калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу вице-мэр Айжан Чыныбаева санитардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, мобилдик топтордун саны көбөйтүлүп, көзөмөл жүргүзүлөт.
"Урматтуу ишкерлер, санитардык талаптарды сактоо жана көзөмөлдөө жетекчилердин милдети. Буга байланыштуу кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн тиешелүү шарттарды түзүңүздөр.
Ал эми шаар тургундарына жана конокторуна бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарын такай колдонуу зарыл экендигин эскертебиз", - дешти.
Бишкек шаары боюнча коронавирус инфекциясы 29 миң 645 адамдан аныкталса, анын ичинен 13 миң 89у пневмония менен жабыркады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















