super.kg logo

Индияда стадиондо 1500дөн ашуун көрүүчү отурган трибуна урады

 

Индиянын түштүк тарабында жайгашкан Сурьяпет шаарындагы стадиондо трибуна урап, көрүүчүлөр жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, жаңы курулган стадиондо каббади оюнунун улуттук чемпиондугунун ачылыш аземине 1500дөн ашуун көрүүчү келген.

Кырсыктан каза болгондор катталган эмес, бирок 100гө жакын адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Жабырлануучулар дароо куткарылып, жакынкы ооруканаларга жеткирилген.

Ошондой эле стадионго көп киши келери күтүлбөгөндүгү айтылган. "Трибуна жыгачтан жасалгандыктан салмакты көтөрө албай калган болушу ыктымал. Кырсыктын келип чыгуу себептери тыкыр изилденет", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: