super.kg logo

Үрөй учурган мыкаачылык: Кебетеси азиялык болгон кыздарга кол салган Екатеринбургдун тургунунан жабыр тарткандар изделүүдө

 

Сүрөттөгү адам Орусиянын Екатеринбург шаарынын 25 жаштагы тургуну Иван Ильин. Ал кебетеси азиялык болгон кыздарга мыкаачылык менен кол салууга шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мыкаачы Япониянын тарыхына, маданиятына кызыгат. Япон тилинен котормочу. Ошондой эле азиялык кыздардын мыкаачылык менен кордолушун чагылдырган комикс, фильм, китептерге кызыгып, андан эргүү алып, өзү иш жүзүндө байкап көрүүнү чечкен. Ал ушул жылдын январь айында кармалган. Ильиндин курмандыгы болгон кыздар аман калганы менен өмүр бою майып болуп калышты. Анын башка да оор кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деген жүйө менен изилдөө иштери улантылууда.

Үрөй учурган кылмыштары:

Өткөн жылдын сентябрь айынын башында мыкаачы 17 жаштагы кызга подъездден кол салган. Елена (аты өзгөртүлдү) лифт күтүп турганда, артынан келип далысына жана ичине бычак менен 2 жолу сайган. Мунун баары видео көзөмөлгө түшүп калган. Курмандыгын аялдамадан бери артынан ээрчип келген. Еленаны кошуналары кансырап жаткан жеринен көрүп, "Тез жардам" менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Кийин кыздын туугандары жергиликтүү телеканалдарга анын бөйрөгүн жана ичегисинин жарымын кесип салууга туура келгендигин билдиришкен. Белгилүү болгондой, Елена Кыргыз өлкөсүнүн жараны, Екатеринбург шаарына конокко келген.


Ильин кийинки кылмышын январь айында жасаган. Анын кезектеги курмандыгы 19 жаштагы Б. кызы Г. болгон. "Мен флорист болуп иштейм, адатта жумуштан 22:00дө чыгам, бирок ал күнү эрте бошогом. Күндөгүдөй эле трамвайга отуруп, "Уралмаш" метросунун станциясынан түшүп калгам. Ал жак киши көп жүргөн эле жер болчу", - деп баяндаган. Иван анын артынан эки имаратты бириктирип турган аркага чейин ээрчип барып кол салган. "Баарын элес-булас эле эстеп жатам. Бычактын катуу соккусунан инстинктивдүү түрдө башымды сол колум менен тостум, андан кийин 2 жолу бычактын ачуу кесип кеткенин сездим. Ошол маалда арка жакка унаа келип калды, мыкаачы коркуп качып кетти. Мен колум менен жаңсап, унааны токтотуп жардам сураганга аракет кылып жаттым. Ошол маалда гана ортоңку бармагым жок экенин жана чыпалагым араң эле териде асылып турганын көрдүм. Жаныма бир жигит менен кыз чуркап келди, бирок мен эмне болгонун түшүндүрө албай, колумду нес абалында карап турдум", - деп көзүнө жаш алып баяндаган ал. Кыздын ортоңку бармагын таап, "Тез жардам" чакыртышкан. Анын баш мээси да чайкалган. Чыпалагын тигип беришкен, бирок ортоңку бармагын тигүүгө мүмкүн болгон эмес. Бул окуядан катуу коркуп калгандыгын, дагы деле дарыланып жаткандыгын айткан. Апасы менен Кыргыз өлкөсүнөн Екатеринбург шаарына мындан 16 жыл мурун көчүп келишкен.
Ильинди полиция кызматкерлери 16-январда үйүнөн алыс эмес жерден кармашкан. Териштирүү иштеринде белгилүү болгондой, мыкаачы мурда соттолгон эмес, үй-бүлөсү жок, япон тилинен котормочу, жакшы сүрөт тартат, сүрөттөрүн сатып акча таап келген. Психиатрдын каттоосунда турган эмес, үйүнөн көптөгөн бычак сыяктуу курал-жарактар табылган.
Жабырлануучу Б. кызы Г.нын жактоочусу жабырлануучулар ден соолугуна келтирилген чыгымды төлөтүү үчүн арыз берүүгө укуктуу экенин жана дарылануу узакка созуларын эске алуу менен компенсациянын суммасын туура көрсөтүүнү айткан. Укук коргоо органдары жабырлануучуларга компенсация төлөтүү маселеси боюнча Ильиндин ата-энеси менен байланышууга аракет кылышкан. Бирок алар байланышуудан баш тыртышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, Ильиндин ата-энеси колунда бар адамдар.
Учурда Ильин психиатриялык экспертизадан өтүү үчүн атайын стационарда кайтаруу менен жатат. Июнь айларында толук изилдөө иштеринен кийин иши сотко жиберилерин билдиришкен.
Иван Ильин тууралуу:
Иван Ильин тууралуу маалымат аз. Орто мектепти бүткөн соң Курган шаарынан Екатеринбургга көчүп келген. Урал федералдык университетинин чыгыш таануу-лингвистика факультетине тапшырган. Магистр даражасындагы диплому бар. Япон маданиятына, тарыхына кызыгат. Япон тасмаларына, видеороликтерине субтитр даярдоо менен алектенген. Вконтакте социалдык түйүнүндөгү баракчасына өзү которгон чыгармаларды, китептерди жарыялап турчу. Андан сырткары азиялык кыздарга карата болгон зордук-зомбулукту чагылдырган комикс, пьесаларды байма-бай чыгарып турган. Акыркы постунда финансылык оор абалда экенин, котормолору менен жан багып жатканын жазып, "балким, менин аурам ушундайдыр... мени менен эч ким иштешкиси келбейт..." деп жазган.
Ошондой эле ал кылмыштарын баяндаган күндөлүк да жазчу. Анда биринчи курмандыгы аман калганын жаңылыктардан укканда, кийинкисин сөзсүз өлтүрүү керектигин жазган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы жана анын курмандыгы болгон жарандар изделип жаткандыгы кабарланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
24.03.2021. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Журокту тушуротго...
24.03.2021. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанга жонотуп жибергиле, баняга алып барып келели.
24.03.2021. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Окунучтуусу эки кыз тен кыргыз кыздары экен. Ит аткандай атып салат элем мага берсе ушу адамды.
24.03.2021. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апрель жакындап келе жатат.этиет болгула россиядагы кыргыз туугандар.
24.03.2021. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond0202,
Эмнеге апрелде эмне болот ал жакта?
24.03.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuri1988Elim2010, Гитлердин туулган күнү
24.03.2021. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuri1988Elim2010,апрелде таздар козголуп тополон кылып олтуруп кетушчу азыр андай болбой калган 5 6 жыл мурда ошондой эле
24.03.2021. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанга жонотуш керек экен мындайларды тез эле адам кылып коёбуз эртеден кечке иштетип комикс фильм эмес озунун атын да билбей турган кылып коёбуз
24.03.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
munarbek.92, бул жактагы преступниктерди эле тарбиялап алгылачы. Кун санап осуудо
24.03.2021. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lekarstvosvoegomuja,озубуздукулорго озубуздун кучубуз жетпей калган учун ошондой болуп жатат да озубуздун преступниктерди африкага же американын индеецтер жашаган чолкомдоруно жонотуш керек ошол жакта адам болуп кетишет
24.03.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колун сынып ол эшек кыздардан айлангыр акмак,айдай кыздарды майып квлган,кр болгондо палецтерин бирин калтырбай кесип салат элем.
24.03.2021. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак жерге киргир. Жер да кабыл албаса керек сени, карга кузгун, иттерге жем болуп өлсүн. Кыргыз кыздары не кылыптыр буга, түгөнгүр.
24.03.2021. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга келсе соттоп соттоп анан ооруп калып, андан ары уй камагы анан эшек дайлоо болуп кутулуп кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: