super.kg logo

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата өкүм жокко чыгарылып, иш кайрадан каралмай болду

 

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата өкүм жокко чыгарылып, иш кайрадан каралмай болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жактоочу Рабига Садыкованын келтирген өтүнүчүнө байланыштуу Салянованын ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра карап чыгуу өтүнүчү жарым-жартылай жактырылды.

"Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы жана Жогорку Соттун 2018-жылдын 22-майындагы чечимдери жокко чыгарылып, кайрадан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жиберилди", - деп билдиришти Жогорку Соттон.

Эске салсак, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.

Ошондой эле Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинде дагы тиешеси бар катары каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
24.03.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен, эми адилеттүү каралсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: