super.kg logo

Гонконгдо Pfizer вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду

 

Гонконг бийлиги коронавируска каршы Pfizer вакцинасын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кытайлык "Fosun Pharma" дистрибьютору тарабынан ампуланын капкактарындагы кемчиликтер табылгандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгы белгиленди. Компания Pfizer менен дарыны иштеп чыгууга жардам берген Германиянын "BioNTech" фармацевтикалык уюму менен бирге ишти териштирип жатат.

Басылма баса белгилегендей, Pfizer менен эмдөөнү токтотуу, кытайлык Sinovac вакцинасын гана колдонуу керектигин билдирет. Анткени аймакта катталган башка вакциналар жок.

Гонконгдо COVID-19га каршы эмдөө программасы 26-февралда расмий түрдө башталган. Шаардык бийликтин порталында жарыяланган статистикалык маалыматтарга ылайык, 22-мартка карата Гонконгдо 25 миң 200 адам вакцинанын биринчи дозасын алышкан, анын ичинен 10 миң 200 адам Sinovac вакцинасы менен эмделген, болжол менен 15 миң адам "Pfizer-BioNTech" тарабынан иштелип чыккан Comirnaty вакцинасы менен эмделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: