super.kg logo
  Саясат  

Орусия: Баш аламандыкта жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок

 

Москванын Батыш Бирюлево районунда болгон окуядан жабыркап ооруканага кайрылгандардын жана шектелип кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Орусиядагы КРнын элчилигине окуядан соң арыз менен кайрылгандар болгон эмес. Кыргыз диаспоралары менен биргеликте жабыркаган кыргыз жарандарын аныктоо жана кастыкты курчуткан акция, баш аламандыктарга катышпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бирюлево районунда 13-октябрь күнү полиция кызматкерлери тарабынан баш аламандыкты уюштурган деп 380 адам кармалса, полициянын атайын күжүрмөн отрядынын 6 кызматкери жана 11 жөнөкөй адам баш аламандыктан жаракат алды. Баш аламандык 10-октябрда Егор Щербаков аттуу жарандын сүйлөшкөн кызынын көзүнчө кавказ улутундагы белгисиз адам тарбынан бычакталганынан башталган. Жергиликтүү жаштар топтолуп жол тосушуп, окуя болгон жерге ОМОН келди. Коомдук тартипти бузгандарды кармоо учурунда күч органдарынан жаракат алгандар болду. Нааразычылык акциясына чыккандар ар кандай улутчулдук маанайдагы лозунгдар менен турушту. 

 

 

 

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: