super.kg logo

Тажикстанда полиомиелит жугуштуу оорусу башталгандыгы жарыяланды

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда полиомиелиттин башталгандыгын жарыялады. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 18-мартка карата Тажикстанда циркуляциялык вакцинадан чыккан полиовирустун 2-түрүн (цПВВП2) жуктуруп алган балдардын арасында шал оорусунун төрт учуру катталган.

8-мартта жогоруда аталган уюм Тажикстанда цПВВП2 табылган учурлары жөнүндө маалыматты карап чыгып, эпидемияны өзгөчө кырдаалдын 2-деңгээлине киргизген.

Маалым болгондой, цПВВП2 оорусунун биринчи курчушу, курч шал оорусу башталышы менен өткөн жылдын 22-ноябрында Хатлон облусунда катталып, учурда Пакистанда айланган вирус штаммына байланыштуу болгон. Экинчи шал оорусу ушул жылдын февраль айында Хатлон облусунда катталган. 8-мартта Гиссар шаарында балдардын шал оорусунун дагы эки учуру тастыкталган.

Мындан тышкары, цПВВП2 Дүйшөмбү шаарында жаңы орнотулган байкоо жүргүзүү участогунда алынган экологиялык 3 үлгүдөн дагы табылды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө, ооруканага кайрылуу, контакттарды издөө жана субциналдык деңгээлдеги вакциналарды камтуунун маалыматтарын карап чыгуу сыяктуу эпидемиянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Ушул жылдын февраль айында өлкө полиомиирустун 2-типтеги вакцинасын өткөрүп жибериши мүмкүн болгон бардык балдардын вирустун өнүгүшүнөн жана шал болуп калуудан корголушун камсыз кылуу максатында активдешпеген полиовирустук вакцинаны (IPV) колдонуп, жалпы улуттук эмдөө кампаниясын аяктады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.03.2021. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гранисаны жабыш керек бул оору өтө коркунучтуу.Тажиктер биздин аерафлотордон топ тобу менен өтүп атат ошону токтотуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: