super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жакынкы 3 жылда курулушу аяктабаган мектептердеги иштерди бүтүрүүнү колго алат

 
Өкмөт мамлекеттин казынасындагы каражаттардын тартыштыгына карабастан бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептердин курулушун жыйынтыктоого багыттайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
"Жолугушууда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баалардын жогорулашы жана социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Айылдагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58 миллион 300 миң сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 пайызга жыйынтыкталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми өкмөт башчы аталган мектептин курулушун аяктоого бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнөрүн белгиледи.
"Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты каралган мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга карабастан өкмөт курулушу 60-70 пайыздан ашууну бүткөрүлгөн окуу мекемелериндеги иштерди жыйынтыктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталууга тийиш.
Район акимдеринин инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесиндеги натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледим.
Эгер акимдер калктын көйгөйлүү маселелерин тийиштүү деңгээлде чече албай жатса, анда алар топтолгон маселелерди чечүү үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү жактар үчүн ордун бошотуусу керек", - деди Марипов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: