super.kg logo

Мурас-Ордодогу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 13 жаштагы баланын апасынын айтканы боюнча Бишкек ШИИББи жооп берет

 

17-мартта Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.

Бул окуядан көп узабай, маркум баланын апасы маалымат берген. Анда ал Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Буга карата Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кармалган шектүү мыйзамдуу өкүлдүн, жактоочунун, социалдык коргоо өкүлүнүн катышуусунда жана күбөлөр менен чогуу суракка алынып, күнөөсүн моюнга алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, иш үчүн маанилүү болгон материалдык далилдер алынган.

Ошол эле учурда жеке адамдарды жасалма резонанс үчүн бирөөнүн кайгылуу окуясын жана алардын кайгысын колдонбоого, жалган маалымат таратууну токтотууга жана адамдарды жалган маалыматтар менен адаштырбоого чакырабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
25.03.2021. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы олтургон Адам Ким экен.Кантип колу барды жаш балага
25.03.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кылса да жазасын алсын. Өмүр боюу камалышы керек андайлар. Бул апанын видеосун көрүп мен жаман болуп кеттим. Кудайым баарыбызды өзү жамандыктардан сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: