super.kg logo

Индия коронавируска каршы вакцинаны экспорттоону убактылуу токтотту. 190го жакын өлкө жабыр тартышы мүмкүн

 

Индия өлкөсү жергиликтүү заводдордо өндүрүлгөн коронавируска каршы вакциналарды экспорттоону убактылуу токтотту. Буга өлкөдөгү коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын санынын кескин өсүшү себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, экспорттун үзгүлтүккө учурашы Индиядагы эмдөө планынын кеңейиши менен байланыштуу. Аталган мамлекет өз жарандарын эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатат. Тактап айтканда, өлкө бийлиги Индиянын вакцина институту (SII) чыгарган "AstraZeneca" вакцинасынын экспорттолушун убактылуу токтотууга ниеттенүүдө.

"Индиядагы эпидемиологиялык абал турукташмайынча эч кандай экспорттоо болбойт. Өтө көп жарандарыбыз эмдөөгө муктаж болуп турганда өкмөт мындай тобокелчиликтерге бара албайт", - деп айтышкан өкмөттөн.

Индия мамлекетинин бул кадамы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган эл аралык COVAX демилгеси аркылуу вакцина менен камсыз кылууга таасирин тийгизет. Тагыраагы, аталган программа иштеп жаткан 190го жакын өлкө жабыр тартышы мүмкүн.
Буга чейин "AstraZenecа" вакцинасынын Бразилия, Улуу Британия, Марокко жана Сауд Аравияга жөнөтүлүшү кечеңдеп жатканы айтылган. Бирок Индия өкмөтүнөн бул боюнча расмий комментарий бериле элек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: