super.kg logo

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды

 

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар иш-чаранын трансляциясына шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка ылайык, салтанат 2011-жылдагы кыйратуучу жер титирөөдөн жана цунамиден кийин өлкөнүн кайра жаралышынын символу катары тандалган Фукусима аймагында башталды. Биринчи факел көтөргөндөр Япониянын аялдар футбол командасы болушту. Алар ошол жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан.

Олимпиада отунун эстафетасы Япониянын Токиого чейинки бардык 47 аймагынан өтөт.

20-март, ишемби күнү Токио олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдешти чет элдик күйөрмандарсыз өткөрүү боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Киргизилген чектөө COVID-19дун жайылышына жол бербөөгө багытталган. Ошондой эле Японияда алар аралдарга вирустун жаңы түрлөрү кирип кетет деп кооптонушууда.

Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылган, тагыраагы, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт деп пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: