super.kg logo

Австралияда өлүмгө алып келген жөргөмүштөрдүн басып кирүүсү жөнүндө эскертүү берилди

 

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатынын тургундарына суу ташкыны жана жылуу аба ырайына байланыштуу дүйнөдөгү эң кооптуу Сидней воронкасы жөргөмүштөрүнүн басып кириши мүмкүн экендиги эскертилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Австралиянын сойлоочулар паркынан жөргөмүштөрдүн басып кириши жөнүндө шашылыш эскертүү берип, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу бут кийимди, шейшептерди жана кийимдерди текшерип, элди этият болууга чакырды. Аталган жөргөмүштүн чагуусу оор симптомдорду жаратышы мүмкүн. Медицинанын жардамысыз жабырлануучунун абалы кескин начарлай баштайт, чагуу өлүм менен аякташы мүмкүндүгү айтылды.

"Биз буга чейин Сидней воронкасы жөргөмүшүнүн көбөйүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Биз нымдуулуктун кесепетинен активдүүлүктүн өсүшүн гана эмес, бийик тоолуу аймактарды издеген жөргөмүштөрдүн басып киришин да көрүп жатабыз", - деди парктын директору Тим Фолкнер.

Ушул аптада социалдык тармактын колдонуучулары миңдеген жөргөмүштөрдүн суу ташкынынан качып, жашаган чөйрөсүн калтырып кетип жаткан видеолору жана сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Адистер алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүнөн баш калкалашы мүмкүн деп эскертишүүдө.

Белгилей кетсек, Австралияда нөшөрлөп жааган жаандан улам катуу суу ташкыны өткөн аптадан бери уланууда. Жаңы Түштүк Уэльс штатында бир адам каза болуп, эвакуацияланган адамдардын саны 20 миңге жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: