super.kg logo

Путин кайрадан президенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болду

 

Орусиянын президенти Владимир Путин кайрадан президенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болду. Мындай чечимди Орусиянын Мамлекеттик Думасы шаршемби күнү болгон пленардык жыйында кабыл алганын орус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, Орусиянын Конституциясынын жаңы жоболорунун бирине ылайык, бир эле адам президенттин кызматын ээлей ала турган мөөнөттөрдүн санына карата чектөө учурдагы мамлекет башчысынын мурунку президенттик мөөнөтүн эсепке албайт. Ошентип бул норма учурдагы мамлекет башчысына Орусиянын президентинин кызматын дагы эки мөөнөткө ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Документти Мамлекеттик Думага депутаттар Павел Крашенинников жана Ольга Савастьянова, ошондой эле федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишас ноябрь айында беришкен. Документте 35 жаштан кем эмес, Орусияда 25 жылдан кем эмес туруктуу жашаган, ошондой эле мурда башка мамлекеттин жарандыгы же жашап турууга уруксаты болбогон Орусиянын жараны талапкер боло ала тургандыгы белгиленет.

Жаңы эрежелер ондон ашык талапкер же талапкерлердин тизмеси киргизилген болсо, шайлоо бюллетениндеги талапкерлер жөнүндө маалыматты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары шайлоо комиссиялары тышкы добуш берүү үчүн кошумча колдонула турган көчмө кутучалардын санын көбөйтө алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
25.03.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул пупкин че то майлуу местасынан эч эле жылбай койду. Может жаш муун келеттир.
25.03.2021. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazarnew,пупкин бул кукла муну айланасындагы миллярдерлер башкарат
25.03.2021. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Путин Путин Медведьев Путин жана Путин!
25.03.2021. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин эле тура берсин. Башкалары келсе Россиядагы мигранттар учун кандай закон киргизет ким билет.
27.03.2021. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: