Орусиялык оппозиционер Навальныйдын ден соолугу начар экени айтылды
Абакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Ольга Михайлова жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Жактоочунун айтымында, өткөн аптадан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Ага ушул учурда ооруну басуучу "Ибупрофен" препаратынан эки гана таблетка беришкен.
"Алексей Навальныйдын командасынын мүчөлөрү саясатчынын абалын коомчулуктан жашыруу үчүн жактоочуларын киргизбей жатышат деп божомолдошууда", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aibek_eka

25.03.2021. 12:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Навальный оппозиционер саясатчы эмес ал блогер анан сша европанын тынчысы
Mylatka..

25.03.2021. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок жүрөгү тоо адам экен.......канчалаган тобокелчилик жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.