KICB, KyrSEFF жана “Газпром Кыргызстандан” акция: газ мешин насыяга алып, насыянын суммасынан 20%га чейин грант катары алыңыз
Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы (KICB), KyrSEFF, туруктуу энергетикалык каржылоо программасы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясы кыргызстандыктарга экологиялык таза жаратылыш газына өтүүгө жана жогорку КАП менен энергияны үнөмдөөчү газ мештерин колдонууга жардам берет. Мунун пайдасы – катышуучулар мештерди бөлүп төлөө шарттары менен сатып алып орнотушат, аягында насыянын баштапкы суммасынан азыраак төлөшөт.
Акция — KyrSEFF “Жылуу турак жай” программасынын бөлүгү болуп эсептелинет. Бул акция 2021-жылдын 31 октябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облусунда жүргүзүлөт.
Грантты кантип алууга болот:
- Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкынан газ мешин алуу жана орнотууга 200 000 сомго чейин насыя алыңыз;
- 90% КАП менен газ мешин сатып алыңыз. Мындай мештердин камсыздоочуларынын толук тизмесин шилтеме боюнча KyrSEFF сайтынан көрсөңүз болот;
- Турак жайыңызды жаратылыш газына туташтырыңыз. Орнотуу жана туташтыруу үчүн табыштаманы “Газпром Кыргызстан” калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү даректер боюнча калтырсаңыз болот: Горький к., 22; Фучик к., 47; Ахунбаев к., 186/1;
- Эгер турак жайыңыз жаратылыш газына туташтырылган болсо, газ мештердин камсыздоочулары менен газ мешин орнотуңуз;
- Мештин документтерин жана газга туташтырылгандыгы жөнүндө күбөлүктү сүрөткө тартып, сүрөттөрдү KICB банкынын насыя боюнча адисине жөнөтүңүз. Жөнөтүп жатканда KyrSEFF грантын алууну каалап жатканыңыз жөнүндө айтып кетиңиз;
- Грант жактырылып, сумманы которгонго чейин күтүп туруңуз. Адатта, документтер жөнөтүлгөн күндөн тартып 2 айдан ашык эмес убакыт талап кылынат;
- Насыянын жалпы суммасынан 20% га чейинки өлчөмдө грантты алыңыз.
Сумманы жана пайданы эсептөөнүн мисалы:
Мисалы, газ мешин сатып алуу жана орнотуу үчүн 70 000 сом төлөнүш керек. Насыя боюнча, пайыздарды эске алуу менен, 78 миң 188 сом төлөнүш керек болот. Жактырылган грант 70 000ден 20%-14000 сомго чейин үнөмдөгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада, насыянын суммасынан дагы азыраак - 70 000 эмес, 64188 сом төлөйсүз. Жана сумманы 12 айга бөлсөңүз болот.
Насыянын суммасы |
70 000 сом |
Төлөп берүү мөөнөтү |
12 ай |
Насыя боюнча ай сайын төлөнүүчү төлөм |
6516 сом |
Насыя боюнча жалпы сумма |
78188 сом |
Насыянын суммасынан 20% га грант берүү |
14 000 сомов |
Кардардын иш жүзүндөгү төлөмү |
78188–14000=64188 сом |
Жалпы пайда |
70000–64188=5812 сом |
Жаратылыш газынын жана газ менен жылытуунун артыкчылыктары:
- Үнөмдөө. Электр менен жылытууга караганда газ менен жылытуу 15% арзаныраак болот.
- Ден-соолук. Табигый газдан күкүрт, көө, ыш жана күл чыкпайт - өпкө таза болуп, дем алуу органдарынын ооруларына туруктуу болот.
- Ыңгайлуулук. Мешке мезгил-мезгили менен катуу отунду салып туруунун кажети жок, үйдөгү температураны жөндөсө болот жана ал дайыма сакталып турат.
- Экология. Жаратылыш газы экологиялык таза отун жана көмүргө караганда парник газдарын 2 эсе аз бөлүп чыгарат.
Акция жөнүндө толук маалыматты күнү-түнү номерлери (0312) 62 01 01; (0553) 62 01 01 (What’s App) аркылуу тактоого болот.
кошулду
