Бишкекте байыркы кыргыз жазуулары эстелигинин ачылыш аземи өтүүдө











Бүгүн, 25-мартта Бишкекте байыркы кыргыз жазуулары эстелигинин ачылыш аземи өтүп жатат.
Аземге кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Саламат Садыкова, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Жылдызкан Жолдошева, Каныбек Иманалиев жана башка коноктор катышууда.
Аталган эстеликтин идеясы Садык Шер-Ниязга таандык. "Бул байыркы кыргыз жазуулары биз үчүн "Манас" эпосундай эле баалуу. Биздин 1000 жыл мурун эле маданиятыбыз болгон. Муну даңкташыбыз керек", - деди Садык Шер-Нияз.
Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор эстеликтин айланасында кеп салып, тарыхка кайрылып кыргыз эли улуу эл экендигин баса белгилешүүдө.
Байыркы кыргыз жазуулары эстелигин жаш скульптор Тамила Маматова жасаган.
Борбордо байыркы кыргыз жазуулары эстелигинин ачылыш аземи өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.