Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктады
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: "Азербайжан элинин жана өзүмдүн атымдан сизди жана бардык мусулмандарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм. Бул майрам жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды туюндуруп, исламда ыйык тутулат. Ушул жаркын майрамда сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгилик, ал эми бир тууган кыргыз элине ар дайым тынчтык жана жыргалчылык каалайм",- деп айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















